Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын жаңы гимни 4 мүнөттөн ашпайт

Мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча мекемелер аралык комиссия тарабынан тандалып алынган 5 мыкты текстке жазылган музыкалардын долбоорлору кабыл алынууда. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Тандалып алынган гимндин беш мыкты текстине жазылган музыкалык чыгармалардын долбоорлору 8-сентябрга чейин кабыл алынат.

Гимндин долбоору 3төн ашык эмес куплеттен жана 1 кайырмадан туруп, 4 мүнөттөн ашпаган узактыкта болууга тийиш. Гимндин долбоорунун кыска варианты аспаптык аткарууда 3 мүнөттөн ашпоого тийиш.

Бардык берилген эмгектер автордук укук менен корголот. Сынактын экинчи этабында ар бир катышуучу долбоордун улуттук гимнинин музыкасынын бир же бир нече вариантын көрсөтө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан