Бүгүн, 17-августта Ош облусунун Алай районунун Будалык айылында жайгашкан эс алуу жайындагы жигиттин бычакталышы боюнча облустук милиция үн катты.
Маалым болгондой, учурда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган М.Б жана 2007-жылы туулган М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Айта кетсек, окуя 14-августта катталды. Каза болгон жигиттин жакындарынын айтымында, каргашалуу окуяда үч жаран бычактан улам жараат алып, алардын бири жеринде каза болду.
Милиция шектүүлөр эс алуу жайдын кызматкерлери экендигин тастыктады.