Мелис Мырзакматов “Улуттар биримдиги” фракциясынын айрым депутаттары мени сатып кетишти" дейт

Бүгүн, 15-январда Ош шаарынын борбордук аянтында тарапташтарынын алдына чыккан Ош шаарынын мэрлигине талапкер Мелис Мырзакматов шайлоо учурунда “Улуттар биримдиги” фракциясынын айрым депутаттары сатып кеткенин билдирди. Айтымында, ал депутаттардын жакындары аткаминерлер жана укук коргоо органдарында иштешет. Ошондуктан аларга кысым көрсөтүштү.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-январда Ош шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан