Бүгүн, 15-январда Алмазбек Атамбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бактыбек Ашировду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчысына кылмыштардын алдын алуу жана аларды болтурбоо боюнча ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Бактыбек Ашировдун айтымында, 2013-жылы 1093 экономикалык кылмыш катталып, 1 миллиард сомдон ашык зыян алып келген.
Өз учурунда Алмазбек Атамбаев экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү мындан ары улантып, экономикалык жана коррупциялык укук бузууларды аныктап жана жоюу зарылчылыгын белгиледи.