Жарандардын коопсуздугу үчүн 14-январдан бери Ош облусуна жана шаарга кирүүдө милициянын 4 посту иштеп жатат. Бул тууралуу Ош облусу жана Ош шаары боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаарга абалды курчутуу үчүн провокаторлордун тобун, курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды киргизбөө үчүн Араван, Ноокат, Өзгөн жана Кара-Суу аймактарында посттор иштөөдө.
Бүгүн, 15-январда "Улуттар биримдиги" партиясы жана Мелис Мырзакматовдун тарапташтары Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өткөрүп, ага 5 000ден ашуун эл чогулган. Абал укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүүдө.