“Мени теледен жамандаган видео көрсөтүштү. Бийлик аферисттик жоруктарын токтотсун. Эгер жер сатып жиберген болсом, мени башкача тагдыр күтмөк”,- деп билдирди бүгүн, 15-январда Ош шаарынын борбордук аянтында эл менен жолугушууга чыккан Мелис Мырзакматов. “Акыйкат заман үчүн күрөш башталат. Булар уурдаганы, сатканы, ыйлатканы келген экен. Бүгүн ошол максатына жетишти. Силердин ушундай колдооңордон кийин элиме кызмат кылбай койбойм”,- дейт Мырзакматов.
Эскерте кетсек, бүгүн Ош шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.