Бүгүн, 22-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчысы Садыр Жапаровго Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон "Алтын Кыран" орденин тапшырды.
"Алтын Кыран" ордени - Казакстандын эң жогорку даражадагы сыйлыгы болуп саналат жана мамлекетке өзгөчө эмгеги сиңген адамдарга ыйгарылат. Бул орден буга чейин башка ордендер менен сыйланган жарандарга, ошондой эле Казакстан менен мамилени өнүктүрүүгө салым кошкон башка мамлекеттердин лидерлерине тапшырылат.
Эске салсак, кечээ, 21-августта Токаев Бишкекке келип, аны президент Садыр Жапаров тосуп алды.