Канттагы жоокердин өлүмү боюнча алты кызматкер кызматтан алынды. Бул туурасында Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аскер бөлүгүнүн командири, анын орун басары, үч кызматкер жана Коргоо министрлигинин бир кызматкери жумуштан алынды.
Эске сала кетсек, 10-январда саат 21:00 чамасында Канттагы 33665-аскер бөлүгүнөн асынып өлгөн аскердин денеси табылган. Ал 1993-жылы туулган Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталган. Анын аскердик кызматынын бүтүшүнө үч ай калган.