Бүгүн, 15-январда журналисттерге ЖКнын
Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев
“Тажикстан Кыргызстанга
карата 3 эл аралык келишимди бузду” деп билдирди.
Анын айтымында, биринчиси - БУУнун 1979-жылдагы
Конвенциясынын курал-жаракты колдонбоо, экинчиси - эки мамлекеттин ортосундагы
макулдашуу, үчүнчүсү - 1997-жылдагы Кытай,
Кыргызстан жана Тажикстандын чек араларды жана жарандардын бейпилдигин бузбоо
боюнча келишимдердеги эрежелерди аткарган эмес. Жогоруда көрсөтүлгөндөр боюнча
Тажикстанга нота жөнөтүлгөн.
Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов журналисттер менен жолугушууда чек ара чатагынын хронологиясын айтып, "жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты" деген Чек ара кызматынын маалыматын аныктады. Окуя болгон жерден 6 оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган.
Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, тажик тараптан 2 адам жаракат алган. Учурда кыргызстандык 3 чек арачы
Бишкекте дарыланышууда.
Баткенде кырдаал туруктуу жана Ак-Сай – Көк-Таш жол курулушу улантылууда.