Бүгүн, 15-январда Ош шаарынын борбордук аянтында болуп өткөн митингде 4 милиция кызматкерине таш тийип, экөөсү сабалганын Ош ОИИББинен маалымдашты. Учурда бул боюнча териштирүү иштери башталды.
Ошондой эле Ош ОИИББинин маалыматы боюнча, бүгүнкү митингчилер мэриянын имаратына кирүүгө аракеттенип, бирок тартип сакчыларынын жана элдик кошуундардын жардамы менен коомдук тартипти сактоого мүмкүн болгон.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, акцияга 10 миңдей адам катышты. Ал эми укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Мырзакматовду колдоо үчүн 5-6 миңдей адам топтолду.