Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана Баткен ОИИББинин башчысы Анарбай Алимбеков бүгүн, 15-январда Баткендин Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары менен жолугушту. Муну Баткен ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Курсан Асанов: “Силердин коопсуздугуңарды сактоого милиция жана чек ара кызматкерлеринин күчү толук жетет. Тажик Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Кахаров жана ал өлкөнүн ички иштер министринин орун басары И.Раджабов менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Тажик тарап да бул аймактардагы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди турукташтырууга кызыкдар экендигин билдирүүдө. Силерден сураныч, чагымчыл аракеттерге алдырбай, өз үйлөрүңөрдө жашай бергиле”,- деди.
Баткендеги кырдаалды президент Алмазбек Атамбаев да катуу көзөмөлгө алып, тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды бергенин билдирди.
“Бүгүнкү күндө Баткен районундагы чек ара аймагында абал туруктуу”,- деп билдирет ОИИББинин маалымат кызматы.