"Ленин райондук соту мени актады". Бул туурасында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, Ленин райондук ички иштер бөлүмү аны “административдик эрежени буздуң” деп кармап, топтолгон материалдарды Ленин райондук сотуна өткөрүп берген. Ал эми аталган райондук соттун судьясы Жээналиев актады. Эске сала кетсек, бүгүн, 15-январда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Ошол учурда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров акция уюштурган. Ал колуна “Мэр тандалбайт, мэр шайланат” деген жазуусу бар плакат көтөрүп алган. Акция баштала электе эле укук коргоочуну милиция кызматкерлери алып кетишкен. Милиция кызматкерлери билдиргендей, бүгүн мэриянын алдында ар кандай акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган.