Башкы прокуратура “Учкун” ААКдагы
ден соолукту чыңдоо комплексин курууга багытталган жер тилкесин мыйзамсыз
саткандыгын аныктады.
Ага ылайык борбор шаардын башчылыгы, Бишкек башкы архитектура жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлерине карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “шалакылык” беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 15-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек
шаарынын 2004-жылдын 26-январдагы №1144-токтомуна ылайык “Учкун” ААКга жер
тилкеси берилген. Элебаев көчөсүндө жайгашкан аянт ден соолукту чыңдоо
борборунун курулушуна багытталган.
Жер алуу боюнча документтерди алгандан кийин
“Учкун” ААКы аны сатып жиберген. Бир нече сатуулардан кийин жер
тилкеси “B.LS” курулуш компаниясынын жеке менчигине өтөт.
Башкы прокуратуранын
маалыматы боюнча Бишкек мэриясынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык
менен пайдаланып документке өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Өзгөртүүлөр “B.LS” курулуш
компаниясына көп кабаттуу үйлөрдү курууга мүмкүнчүлүк берген.
Ал эми “Учкун” ААКы мамлекеттик
коруктардын тизмесинде турган жана КРнын “Тарыхый-маданий мурастарды колдонуу
жана коруу жөнүндө” мыйзамынын талаптары боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары корууга алынган жерлерге курулуш иштерин жүргүзө
алышпайт.
Мындан сырткары “КРнын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”
мыйзамындагы талаптарда тарыхый-маданий мурастардын аянттарын сактоо боюнча жазылган. Бирок Бишкек башкы
архитектурасынын кызматкерлери мыйзамды бузуу менен көп кабаттуу үйдүн курулушуна
жол беришкен.