Саруудагы жыйынга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким
катышкан жок. Бул туурасында жаш активисттердин бири Абай Узаков билдирди. Анын айтымында, жыйынга чогулган эл тарады.
Алардын саны 1000ге чукул болду.
“Бүгүнкү жыйынга Ысык-Көл облусунун бардык
райондорунан делегаттар келишти. Анда “Кумтөр” маселеси боюнча резолюция кабыл
алынып, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековго тапшырылды”,- деди Абай
Узаков.
Эске сала кетсек, бүгүн, 15-январда Сарууда “Кумтөр”, экология жана камалган балдардын
маселелери боюнча жыйын болуп өттү.