Биз социалдык тармакта

Жалал-Абаддын жаңы борбордук аянты "Азаттык" деп аталды. Себеби (видео)

Жалал-Абад шаарынын жаңы борбордук аянты "Азаттык" деп аталды. Бул тууралуу кечээ, 30-августта жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысы жаңы имараттын ордунда убагында абак болгонун белгилеп, ал башка жакка көчүрүлгөндүгүн айтты.

"Имарат салган жердин 10 гектарга жакыны түрмө болчу. Аны биз сүрдүрүп, башка жакка көчүрүп, ушул имарат менен аянтты курдук. Мындан ары бул аянтты "Азаттык" деп атайбыз. Бул жактан көчүрүлүп кеткен, түрмөдө отургандар биздин жарандарыбыз, элдерибиз. Эртерээк азаттыкка чыгып, үй-бүлө, бир туугандарына, эл-журтуна кошулуусун тилейли", - деди Садыр Жапаров.

Андан соң жаңы административдик имартка мамлекттик символикалар киргизилди.

Жалал-Абаддын жаңы борбордук аянты тууралуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан