Кыргызстандагы Соцфонддун өкүлдөрү 15-январь
күнү эмгек мигранттарынын социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча кеңешме
өтүү үчүн Москвага кетишти.
Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы
билдирди.
Маалыматта КРнын Премьер-министринин жарлыгына ылайык эмгек мигранттарынын укуктар боюнча
маселелерин жөнгө салуучу топ уюшулганы айтылат.
Атайын жумушчу топтун курамына
Соцфонддун төрагасынын орун басары Улан Асанов, аппарат жетекчиси Медер
Ирсалиев жана ММК менен иштешүү эмгек мигранттарынын социалдык камсыздандыруу
маселелери менен иш алып барган өкүлчүлүктөр кирет.