Биз социалдык тармакта

Ташиев Жалал-Абад шаарындагы №14 мектептин 700 орундуу жаңы имаратын ачты (фото)

Бүгүн, 1-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы №14 мектептин кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилди.
Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, мектеп жамааты, окуучулар жана ата-энелер катышты.
Жаңы окуу корпусунда билим берүү талаптарына ылайык, бардык шарттар каралган. Атайын лабораториялары, жыйындар залы, ашканасы, предметтик класстар камтылган. Мындан сырткары, аталган мектепке спорт зал, спорт аянтчасы да курулду.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын октябрь айында Камчыбек Ташиев мугалимдер жамааты менен жеринде мектептин абалын көрүп, тийиштүү жетекчилерге окуучулар үчүн спорт зал, спорт аянтчалары менен жаңы имарат куруу тапшырмасын берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан