Кечээ, 1-сентябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Багыш айыл өкмөтүндөгү сейил бакка барып, анын абалын көрүп чыкты.
Ал айыл өкмөт башчысына парктагы селкинчектин абалын тамаша менен түшүндүрүп, аны оңдоону тапшырды. Ташиев селкинчектин бир жагын ага кучактатып, термелүүнү буйруду.
Андан соң ал: "Мына, көрдүңөрбү, айыл өкмөт селкинчек тээп жатат? Эми кийинкиде экөөбүз отуруп алып тепкидей болсун. Макулбу?",- деди.