Бүгүн, 15-январда “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында
ЖКнын депутаты Дастан Бекешев "Саунага барып, бирок парламенттин
жыйындарына келбеген депутаттар бар” деп билдирди.
Анын айтымында, ким жумушка
келип, ким кандай добуш берип жаткандыгын көрсөтүү үчүн парламенттин жыйындарын он-лайн
аркылуу түз алып берүү керек.
“Маселелер, мыйзам долбоорунун виртуалдык
мүнөздө экенин баарыбыз билебиз. Он-лайн аркылуу түз алып берсек, бул кимдин
кандай добуш берип жатканын көрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Шайлоочулар менен
жолугушуп, иштеп жаткан депутаттар да бар. Бирок саунага барып, иштебей
жаткандары да жок эмес. Алар парламент үчүн кара так болуп калууда. Ошолордун айынан
Жогорку Кеңеш эч нерсени чечпей жатат дегендер чыгууда”,- деди депутат.
Асылбек
Жээнбеков он-лайн алып берүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын айтты.