Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Канат Сагынбаевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Эл өкүлдөрү анын талапкерлигин жактырып, министрликке дайындоого макулдук берди.
Белгилей кетсек, Сагынбаев эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп 25-августта дайындалган.