Нарын облусу дарыгерлер менен 60,6 пайызга камсыз болгон. Бул тууралуу облустук медициналык маалымат борборунан билдиришти. Жалпысынан 367 дарыгер эмгектенет. Нарын облусунда 31 жаштан өйдө – 16, 31-40 жаштагы – 45, 41-45 жаштагы – 45, 46-50 жаштагы - 69, 51-60 жаштагы – 123 жана 60 жаштан жогору 69 дарыгер иштеп жатат.