Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 16-январда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ГЭС-3төн тараган линияларда оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн Бишкектеги “Шоро” заводунун аймагында жана Осмонкул көчөсүндө саат 09:00дөн 17:00гө чейин жарык өчөт. 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу  Көк-Жар, Кара-Жыгач айылдарында саат 09:00дөн 17:00гө чейин маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан