Биз социалдык тармакта

Бишкекте 45 жаштагы киши өзүнүн кызын зордуктоого шектелип кармалды

Бишкекте 45 жаштагы киши өзүнүн кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Ал күйөөсү экөөнүн ортосундагы 17 жаштагы кызын эркине каршы зордуктаганын айткан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан