Кыргыз-тажик чек арасындагы калктуу жайлардан аскерий бөлүктөр чыгарылат

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу боюнча биргелешкен чараларды көрүү максатында 2014-жылдын 15-январында Тажикстандын Исфара шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын компетенттүү органдарынын делегацияларынын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.
Жолугушууда кыргыз тараптан Өкмөт алдындагы коргоо жана укук тартип бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Алик Мамыркулов, Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы ордо зардалы, полковник Искендер Мамбеталиев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча Чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын жектекчилиги барды. Ал эми тажик тараптан сүйлөшүүлөргө Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Кахаров, УКМК Чек ара аскерлеринин кол башчысы, генерал-лейтенант Раджабали Рахмонали, ички иштер министринин орун басары генерал-майор Раджабов жана Согду облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын жетекчилиги катышты.
Жолугушуу учурунда тараптар чек ара аймактарындагы калктуу жайлардан аскердик (Коргоо министрлигинин) жана башка түзүлүштөрүн чыгарып кетүү чечимин кабыл алышты. Жолугушуу жыйынтыгында чек ара тилкесин кайтарууга ала турчу тараптардын чек ара аскерлеринин жана башка кошумча күчтөрдүн тутуму канча аскер кызматкеринен турушу керектигин аныктай турчу биргелешкен комиссияны түзүү туурасында протоколго кол коюшту. Биргелешкен комиссия түзүлгөндөн кийин эки күн аралыгында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилерине чек ара аскерлерин жана ички иштер органдарынын атайын багыттагы аскер бөлүктөрүн туруктуу жайларына алып кетүү боюнча сунуштар берилиши керек. 
Протоколго ылайык, мамлекеттик чек араны кайтаруу Кыргызстандын жана Тажикстандын бул тилкеси боюнча штатта турган чек ара аскерлери жүргүзөт. Мамлекеттик чек аранын айрым чырлуу тилкелерин тараптардын биргелешкен чек ара кезметтери кайтарууга алат. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арага чектеш айылдарында ички иштер органдарынын аскер бөлүктөрү биргелешкен кайгуулдарды мындан ары да улантышмакчы.
Эске салсак, 11-январда Баткендин Ак-Сай айыл аймагында тажик-кыргыз чек арачыларынын арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандан 6, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. Чатак Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылыгынан улам келип чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан