Нарын облусунун Жумгал районунда жашаган 122 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 59у мектепке барат.
Бул тууралуу 16-январда “Келечек
Хелпсром” программасынын алкагындагы изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болду.
Изилдөө
Чаек, Байзак, Жаңы-Арык жана Куйручук айылдарында жайгашкан 8 мектепте
жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында Чаек айылында мектеп жашындагы 44 ден соолугунун
мүмкүнчүлүгү чектелген баланын 8и гана мектепке барары, Жумгал айылында 9
баланын 5и, Байзак айылында 36 баланын 17си, Жаңы-Арыкта 31 баланын 24ү жана
Куйручуктагы 12 баланын 5и гана мектепке барары белгилүү болгон.
Көпчүлүк
балдар ден соолугуна байланыштуу өз алдынча баса алышпайт. Мектептерди
майыптарга ылайыктап оңдоо үчүн 113 миң сом керек.