Бишкек шаарында 4 эм төрөгөн Бактыгүл Молдотаеванын үй-бүлөсүнө Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан акча бөлүнөт. Муну парламенттин 16-январдагы жыйынында депутат Роза Акназарова билдирди. Айтымында, ал үй-бүлөгө ушул күнгө чейин өкмөттөн көңүл бурула элек.
“Төрт эм төрөгөн айым Келечек жаңы конушунда жашайт экен. Күйөөсү жетим өсүп, учурда кыйналып жатышат. Үйлөрү суук болуп кыйналып жатыптыр. Төрага өз фондунан акча бөлө турганын айтты. Өкмөт да буга көңүл бурушу керек”,- деди депутат.