Испаниянын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпиондукка тандоо оюнунда Түрк командасын жеңип алды.
Коньядагы беттешүү 6:0 эсебинде коноктордун пайдасына аяктады. Оюн учурунда эмоционалдуу эпизод да орун алды. Беттештин 69-мүнөтүндө Түркиянын дарбазасына айып сокку коюлду. Анда Арда Гүлер Ламин Ямалдын топ тебүүсүнө тоскоолдук кылып, аны эки жолу түртүп жиберди.
Башкы калыс Майкл Оливер оозеки эскертүү берүү менен гана чектелди. Андан кийин оюнчулар тынчып, беттеш улантылды.
Айта кетсек, Ламин Ямал "Барселона" клубунда ойносо, Арда Гүлер "Реал Мадриддин" жарым коргоочусу.