Депутаттар Баткендеги чек ара маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты

Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-январда Баткендеги чек ара маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылды. Депутат Ташполот Балтабаев билдиргендей, аймактагы кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы окуянын кесепети оор бойдон турат.

“Бир жылдык мөөнөт менен депутаттык комиссия түзбөсөк болбой калды. Парламенттик өлкө болгондон кийин депутаттар чек ара көйгөйүн чечүүгө жардам берели. Комиссия түзөлү, ал коңшу мамлекеттин тийиштүү мекемелери, эл менен жолугуп маселени иликтеп чыксын”,- деди Балтабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан