"Биз Кыргызстандын аймактарында баңгизатты колдонуу боюнча изилдөө жүргүзгөнбүз. Анын натыйжасында ар 5-эркек баңгизатты колдонору аныкталды", - деп бүгүн, 16-январда баңгилерди дарылоочу Жеңишбек Назаралиев кабарлады.
Анын айтымында, баңгизатты сатып алуу оңой. "Муну ачык айтыш керек. Тойлордо, туулган күндөрдө бир ширеңкенин кутусуна гашиш белек катары берүү кадыресе көрүнүш болуп калды", - деп билдирди Жеңишбек Назаралиев.