Райкан Төлөгөнов, депутат: “Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя чагымчылдык эмес, Тажикстандын саясаты”

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы болгон атышуу кокустук же чагымчылдык эмес, Тажикстандын терең саясаты. Муну ЖКнын 16-январдагы жыйынында депутат Райкан Төлөгөнов айтты. Ал билдиргендей, маселени чыр жолу менен чечүү тажиктердин кыялы.

“Убагында чек ара маселеси боюнча барган Абсамат Масалиевди да тажиктер куушкан. Бул аларга көнүмүш адат. Менин сунушум: Орусия менен келишим түзүп, кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасын Орусиянын чек арачылары менен бирге кайтарсак. Коргоо кеңешинин жыйынында ушул маселени кароо керек”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан