Парламентте Мырзакматовго карата жасалган кара пиарга таң калышканын билдиришти

Бүгүн, 16-январда парламенттин жыйынында “Ар-намыс” фракциясынан депутат Нуркамил Мадалиев мэр шайлоо алдында Кыргызстандагы эң ири телекомпаниялардан бир убакытта Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов тууралуу видео көрсөтүлгөнүнө таң калганын билдирди.
“Кеп Мырзакматовду каралаганда эмес, бул жерде мындай көрсөтүүлөр элди экиге бөлүп жатат. Шайлоо алдында көрсөткөн максатын түшүнбөйм. Ушундай кадамдарды мурунку эки президенттин тушунда да көргөнбүз жана алардын натыйжасы эмнеге алып келгенин билебиз. Кээ бир адамдар бул үчүн акча алышы мүмкүн. Бирок мунун эмнеге алып келишин да ойлонуу керек”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан