Жылдыз Жолдошова “Курманжан датка” фондунун айланасындагы интригалар тууралуу айтты

Бүгүн, 16-январдагы парламенттин жыйынында “Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошова коомдук телеканалдан 20 мүнөт эфир бөлүп берүүнү суранды. Депутат өзүнө тиешелүү “Курманжан датка” фонду тууралуу айтып берүүнү чечкенин билдирди. 
Анын айтымында, фонддун айланасында жаңы интригалар чыгууда. “Ал жерге 11 тарыхый инсандын эстелиги, спорттук комплекс тургузулат. Президенттик саммиттер, парламенттик жолугушуу жана ири салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан комплекстер курулат. Азыр анын айланасында ар кандай сөздөр айтылууда. Фондго тиешелүү жер 49 жылга ижарага берилген. Болгону 15 гектар жер аянты”,- деди депутат. 
Мындан сырткары фонд президент тарабынан колдоого алынганын айтып, “силер мага эмес, “Курманжан датка” фондуна каршы чыгып жатасыңар” деп кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан