Ош. Аймактык шайлоо комиссиясына "Улуттар биримдиги" партиясынан арыз түшкөн

Бүгүн, 16-январда айрым маалымат булактарында Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына "Улуттар биримдиги" партиясынан арыз түшкөндүгү, анда15-январда өткөн мэрдин шайлоосунда мыйзам бузуулардын катталгандыгы, депутаттардын көпчүлүгү бюллеттенди көрсөтүп, анан кутучага таштап жатышкандыгы жазылгандыгы тууралуу айтылууда. Бул маалыматты тактоо үчүн Аймактык шайлоо комиссиясына байланышып, өзүн Тиллаев Шоторбай деп тааныштырган мүчөсүнөн жооп алдык. 
"Ооба, бизге "Улуттар биримдиги" партиясынан арыз түшкөн. Биз аны сессия учурунда карайбыз. Азырынча арызда эмне тууралуу жазылганын силерге айта албайм, жанымда жок эле",- деп билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан