Бүгүн, 16-январдагы парламенттин жыйынында КСДП
фракциясынын депутаты Мамытбай Салымбеков Конституцияга оор кылмыштарды
жасагандарга карата өлүм жазасын киргизүү боюнча толуктоолорду киргизүү сунушун
айтты.
Анын айтымында, акыркы убактарда оор кылмыштардын
саны кескин көбөйүп кеткен. “Зордук-зомбулуктар, жаш балдарды, кош бойлуу
аялдарды өлтүрүшүүдө. Кытайда мындай кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартылат. Бизде
жыл сайын оор кылмыш жасагандардын саны көбөйүүдө. Жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн
коомду тартипке келтиришибиз керек”,- деди ал.