Катар бийлиги Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Дохага жасалган аба соккусу үчүн жоопко тартуу маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Катар өкмөт башчысы шейх Мохаммед бин Абдулрахман бин Жасим Аль Тани Израилдин ХАМАС жетекчилигине каршы Дохадагы чабуулун "мамлекеттик терроризм акты" жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн бузуу деп атады. Катар бийлиги Израил тарапка жооп кайтарууга укуктуу экенин билдирди.
Эске салсак, кечээ, 9-сентябрда Израил Дохадагы ХАМАС жетекчилигинин штабына сокку жасаган.
Буга байланыштуу эртең, 11-сентябрда бул маселени кароо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши шашылыш жыйын өткөрөт.