Жалал-Абадда медициналык колледждин студенттери ара жолдо калышыптыр

Жогорку Кеңештин 16-январдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров Кыргызстан Эл аралык университетинин Жалал-Абаддагы филиалынын студенттери окуусун уланта албай ара жолдо калышканын айтты. Ал билдиргендей, буга аталган окуу жайдын ректору Маккамбай Дарбанов күнөөлүү. 

“Дарбанов “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген ректорлордун бири. Былтыр медициналык колледжге 160 студентти кабыл алып, жаңы жылдан кийин окуу жайга лицензия берилбей калганын айтып студенттерди көчөдө калтырды. Студенттердин контракттык төлөмдөрүн алып алган. Буга чара көрүп жана ректордун тизгинин тартып коюшубуз керек”,- деди Бакиров.

Төрага Асылбек Жээнбеков бул боюнча ЖКнын тийиштүү комитетине тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан