"Кыргызстанда тергөөнүн сапаты түшүп кетти, бүгүнкү күндө жалаң күнөөлүүлөр гана жазаланууда деп айта албайм",- деди төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 16-январдагы жыйынында. Айтымында, өлкөдө өлүм жазасын киргизүүгө азырынча эрте.
Айта кетсек, жыйында депутат Мамытбай Салымбеков өтө оор кылмыш кылгандарды өлүм жазасына тартууну мыйзамдаштыруу керектигин айтып чыкты. Депутат өтө оор деп эсептелген 3 берене боюнча күнөөлүүлөрдү өлүм жазасына тартуу кылмыштуулукту азайтат деген ойдо.