Мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев сот аткаруучулар өзүн, апасын жана үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын билдирди.
Ал "Социал-демократтар" партиясынын штабын жана "Медиа-Форумду" мамлекеттин карамагына алуу аракети да жүрүп жатканын белгилеп, жасалып жаткан аракеттерди мыйзамсыз деп атады.
"Биз Жогорку Сотко, Конституциялык палатага кайрылабыз деп билдиргенбиз. Шаардык сот да аягына чыга элек. Ага карабай сот аткаруучулар жогору жактан келген буйрук менен мыйзамсыз аракеттерин башташты. Мени ушул жерден өлтүргүлө. Дарылануудагы атама жолугайын десем чет өлкөгө барганга да уруксат бербейсиңер",- деп жазды ал Facebook баракчасына.