“Экс-муфтий Рахматулла Эгембердиев ээлеген кызматынан мыйзамсыз кетти”,- деп билдирди бүгүн, 16-январда Талас облусунун Акылман аксакалдар кеңешинин төрагасы Жыпарбек ажы Тойчубеков.
Анын айтымында, 2014-жылы 7-январда эртең менен Рахматулла Эгембердиев кызматынан кетүү боюнча Уламалар кеңешине арыз жазган. Өзүнүн ордуна Нурлан Танабаевди койгон. Бирок ошол эле күнү түштөн кийин Уламалар кеңеши мыйзамсыз чакыртылып, муфтийдин демилгесин аткаруу кызматына Максат Токтомушевди шайлаган.
“Бул мыйзамды бузуу тууралуу биз бийликтеги беш фракцияга, өкмөткө кайрылганбыз. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө”,- деп кошумчалады Жыпарбек ажы.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында УouТube дүйнөлүк видеопорталына "глава ДУМК Рахматулла Эгембердиев" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Анда Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевге түспөлдөш адамдын бир айым менен энеден туума жылаңач "сүйүү отуна" батып жаткан учуру чагылдырылган эле. Бул тасма элге тарап кетип, мындан улам муфтий кызматынан кетүү боюнча арызын жазган.
Макала менен бул жактан толук таанышсаңыз болот.