Жогорку Кеңештин 16-январдагы жыйынында “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Бул мыйзам жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу туура эмес жана толук эмес маалымат берген мамлекеттик кызматкерлерди административдик жоопко тартууга багытталган.
“Колдонуудагы мыйзам боюнча, декларацияда туура эмес маалымат бергени үчүн гана жоопко тартылат. Биз толук эмес деген пунктту киргизип жатабыз. Декларацияга 5 унаасынын үчөөсүн көрсөтүп, экөөсүн жашырып койсо да жоопко тартылат”,- деди юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов.
Декларацияда туура эмес жана толук эмес маалымат берген кызматкерге 5000ден 10 000 сомго чейин айып салынат.