УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2 жыл мурун ага бир министр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп жатканын айтып ыйлап келгенин билдирди.
"Мага бир бандит видео байланышка чыгып, "эртең ушуну кылбасаң азабын тартасың" деп коркутту, мен иштебей эле коёюн, арызымды жазып кетип калйын" деп ыйлап келиптир. Мен ошондо "сен коркпо, мен сени караймын" дегем. Акыры бандиттердин бардыгын жок кылдык",- деди ал 13-сентябрда Ноокаттагы Кулатов айыл аймагындагы эл менен болгон жолугушуусунда.