Бишкекте жарандык активисттер “Эркин Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” аттуу көргөзмө акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Маалыматка ылайык, акцияда товарлар көргөзмөгө коюлуп, Беларусь менен Орусияга бириккенге чейинки жана андан кийинки бааларды салыштырышат. Уюштуруучулар кайдыгер карабаган жарандарды аталган акцияга катышууга чакырышууда.
Ал эми Бажы биримдиги республика үчүн кандай таасирин тийгизерин билбегендер акция-көргөзмөнүн жүрүшүндө маалымат ала алышат. Иш-чара 22-январь күнү "Ала-Тоо" аянтында саат 11:30дан 13:00гө чейин болот.