ЖКнын
депутаты Жылдыз Жолдошова башкарган “Курманжан датка” фондун текшерүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн,
16-январдагы парламенттин жыйынында КСДП
фракциясынан депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди.
“Эсептөө палатасы аталган фонд
боюнча отчёт берди. Фонддун мыйзам бузуулар боюнча материалдары Башкы
прокуратурага жөнөтүлөт”,- деди. Мындан сырткары ал Ысык-Көл облусундагы жерлердин
бөлүштүрүүсү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады.
Ошондой эле
парламентте Алманбет Анапияевдин 20 гектар, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов 20 гектар жана “Курманжан датка” фонду 20 гектар аянтка ээлик кылары
айтылды.