Нарын районуна караган Нарын–Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрө ачылып, каттам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Эске салсак, Эки-Нарын айылын облус борбору жана коңшу айылдар менен байланыштырып турган көпүрө 13-августта Нарын дарыясына кулаганы белгилүү болгон. Кырсык жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда болгон. Айдоочунун сөөгү 15-августта табылган.
Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн урашына өз убагында чара көрбөй келди деген жүйө менен жергиликтүү бийликти айыптап келет.