Депутаттар Нарын мамлекеттик университетинин ректору мыйзамсыз дайындалганын айтышты

Жогорку Кеңештин 16-январдагы жыйынында Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун дайындалышы боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Алмазбек Баатырбеков университетте ректор шайлоо өтүп, 3-орунду ээлеген (1-орунду ээлеген талапкерден 2 эсе аз добуш алган) талапкер ректор болуп дайындалганын айтып чыкты. "Президент өзү "бийликке мыйзам жолу менен келели" деп айтып жүрөт, бирок шайлоо аркылуу мыйзамдуу тандалган талапкер кызматка орношо албай жатат. Буга чара көрүлүшү керек",- деди. 
Мындан сырткары чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн "Эркеч-Там" жана "Торугарт" өткөрүү бекеттерине бажы терминалын куруу зарыл экенин билдирди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан