Ош жана Жалал-Абад облустарынын Чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арадагы кесиптештерине жардам берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-январда Баткен облусуна азык-түлүк жана керектүү нерселер жеткирилди. Ош облусунун тургундары аймактык чек ара башкармалыгынын акциясын колдошту.
"КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлерге жардамын сунуш кылган жарандарга ыраазычылыгын билдирет" деп жазылат маалыматта.