КРнын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор кирди
15-январда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга
кол койду. Мыйзам Жогорку
Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 12-декабрында кабыл алынган болчу.
Мыйзамдын максаты - сотко чейинки өндүрүштүн альтернативалык процесстик формасын
сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн институтун киргизүү жолу менен
жазык-процесстик мыйзамдарды өркүндөтүү.
Мыйзам 2014-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.