“Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирди

15-январда президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 28-ноябрында кабыл алган болчу.

Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамды “КРнын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын “КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарынын жоболоруна шайкеш келтирүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан