Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу Бауыржан Абдумаликов өлкөдөн чыкпоо милдеттенмеси менен камактан бошотулду. Маалыматты бүгүн, 19-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Эске салсак, Абдумаликов июнь айында кармалган. Ал Кара-Кулжада күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келинге карата айыптоо сөздөрүн айткан үчүн коомчулукта талкууга алынган.