Бишкекте жасалып жаткан жолдо экскаватор айдоочусу жеңил унааны жолду тороп алгандыгы үчүн жабдыгы менен талкалап салды. Окуя кечээ, 20-сентябрда саат 17:50 чамасында болгон. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирлди.
Калинин менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон окуядан жеңил унаа зыянга учураган, жабыркагандар жок.
Экскаватор айдоочусу 1997-жылы туулган А.У. жана жеңил унаанын айдоочусу Ю.Ю. милицияга жеткирилген. Жеңил унаанын ээси арыз жазуудан баш тарткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, А.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция жолдо болгон бардык талаш-тартыштар мыйзам чегинде чечилиши керектигин эскертет.